Кечээ, 14-сентябрда Ош шаарында жол тескөөчүлөр мас абалдагы жүргүнчүгө чара колдонууга аргасыз болгон.
Социалдык тармактарга Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери эркек адамды «муунтуп жатат» деген видео тараган.
Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 14-сентябрда кечинде чакыруу түшүп, жол тескөөчүлөр барган.
«Айдоочу кызыл чырактан өтүп кеткени үчүн токтотулган. Айдоочу соо болгон. Ал эми унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр мас абалда болуп, милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратышкан. Кызматкерлер мыйзам чегинде чара көрүүгө аргасыз болгон», - деп айтылат маалыматта.