Айтылган убада аткарылып, автоунаа берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 3090
 
Опубликовано 16 Апреля 2021, 13:04

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн короосуна "ВАЗ - 2107" үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Баетов айылынын кулуну, Бишкек шаарынын тургуну Мурадил Сыдыков жалпы республикалык тестирлөөдө эң алдыңкы упай алган окуучуга ноутбук, ал окуучу окуган орто мектепке кызматтык автоунаа жана окуучунун мугалимдерине баалуу белектер берилерин убада кылган.

Айтылган убада аткарылып, бүгүн 16- апрель күнү күмүш түстөгү "ВАЗ - 2107" автоунаасы райондук билим берүү бөлүмүнүн короосуна токтотулуп берилип, унаанын ачкычы тапшырылды. Тапшыруу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору жана Сыдыковдун достору катышты.