Кечээ, 11-апрелде Тоң районунун Бөкөнбаев айылында боз үй тибиндеги мечит бүткөрүлүп, ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Мечит жеке ишкер тарабынан курулду. Анын ачылышына айыл тургундары катышып, жергиликтүү коом тарабынан мечитке куран китептер жана дубалга илинүүчү саат берилди.