Сокулуктук тургундар шайлоо тууралуу эмне дейт?

turmush
Скачать
Просмотров: 32
 
Опубликовано 11 Апреля 2021, 17:13

Сокулук райондук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, район боюнча 74 шайлоо тилкеси иш алып барууда.
Саат 16:00гө карата чыгарылган эсеп боюунча, айылдык кеӊешге 26 282 (23,14 пайыз), референдумга 26 652 киши (22 пайыз) добушун берди. Айылдык кеӊештер боюнча жалпысынан 112 029 шайлоочу катталган болсо, референдумга 121 000 шайлоочу катталган.
Ал эми Шопоков шаардык кеӊешинде жалпы 6 117 шайлоочу бар болсо, саат 16:00дөгү эсеп менен партиялык шайлоого 1399 шайлоочу, ал эми референдумга 1414 шайлоочу катышты.
Шопоков шаарынын 65 жаштагы тургуну, Римманын айтымында, убадасына турбаган партиялардын айынан айрым жарандар шайлоого кайдыгер карап жатышат.