Арманын айткан ак-талаалык ак халатчандар

turmush
Скачать
Просмотров: 892
 
Опубликовано 6 Апреля 2021, 17:47

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айрым дарыгерлери COVID-19 илдети менен күрөшүүдө компенсация берилбей жаткандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кызыл зонага кирип бейтаптарды дарылап, бирок өздөрү дагы аталган илдет менен оорушкандыгын, үй бетин көрбөй бейтаптардын ден соолугу үчүн дан үрөп иштешкендерин, ошондой эле кызыл зонага кирип иштеген дарыгерлерге мамлекет тарабынан берилет деген 200 миң сом компенсация ушул күнгө чейин ала албай жатышкандыктарын айтышты.

Ак-Талаа райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери Сарыбай Маметажымов постто туруп илдетке кабылгандыгын айтты.

"Санэпидде 30 жылдан бери эмгектенип келем. COVID-19 илдети чыкканда постто туруп илдетке кабылып, дарыланып чыктым. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ден соолугум жакшы болбой жатат. Элдин ден соолугун сактайбыз деп, өзүбүздүн ден соолугубузду сактай албадык. Мамлекет тарабынан бериле турчу компенсацияга тиешелүү документтерди даярдап бергенбиз. Бирок, ушул күнгө чейин компенсациядан жок же тиешелүү органдардан жооп дагы жок", - деди С.Маметажымов.

Аймактык оорукананын терапевт дарыгери Жээнбек кызы Ибарат табышмактуу жагдайлар бар экендигин билдирди.

"Ошол учурда 5 дарыгер кызыл зонага кирип иштеп, өзүбүз дагы илдетке кабылып дарыланып чыктык. Мамлекет тарабынан төлөнүп берилет деген компенсация үчүн бешөөбүз тең тиешелүү документтерди даярдап жөнөткөнбүз. Бир канча күндөн кийин берки 4 дарыгерге компенсация алууга буйрук келип, мага келген жок. Бул боюнча райадминистрацияга, министрликке арыз менен кайрылгам. Райадминистрациядан "жогору жакта каралып жатыптыр" деген жооп келди. Биздин жетекчилик менин документтеримди караштырса министрликке документтерим жетпептир. Таңгалганым, эмне үчүн бешөөбүз чогуу даярдап берген документтердин 4 дарыгердин документи жетип, меники жетпей калган? Бул жерде табышмактуу жагдайлар дагы бар болуп жатат. Кайрадан документ даярдап жөнөткөм", - деди жаш дарыгер.

Мындан тышкары, Баетов айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмчи айым Жыпаркүл Оторова, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эмчи айымы Атыркүл Кулманбетова дагы кызыл зонага кирип иштешкендерин, оору жуктуруп алып дарыланып чыгышкандарын, компенсация алууга документтери жөнөтүлгөндүгүн, бирок ушул кезге чейин жарытылуу жооп ала албай жатышкандыгын айтып өтүштү.

Бул боюнча Нарын облусттук медициналык борборунун башкы дарыгери Муратбек Алияскаровго кайрылганыбызда тактап жообун берем дегени менен тиешелүү жоопту ала алган жокбуз.