«Мындай болгон эмес»: Чүйдөгү район жетекчилерин аттестациялоодо комисия өзгөчө чечим кабыл алышты.

turmush
Скачать
Просмотров: 3585
 
Опубликовано 1 Апреля 2021, 18:08

Turmush — Бүгүн, 1-апрель күнү Лебидиновка айыл өкмөт имаратында Чүй облусундагы акимдер жана орун басарларынын баарлашуусу болду.
Анда белгилүү болгондой, бүгүн баарлашууга Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунун жетекчилерине өтүп, калган район жетекчилери эрткеӊкиге калтырылды.
Баарлашууга эӊ алгач кирген Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиевдин берген жообунан кийин, залда отурган белгисиз киши сөз алып сүйлөдү.
Белгилүү болгондой, ал киши Кемин районунан келгенин, айта турчу кеби бар экенин билдирип, комиссия курамынан улуксаат сураган.
Бирок, байкалгандай комиссия анын айта турчу сөзү мазмунун билишкен эмес.