МЕДИЦИНАЛЫК БЕТКАПТАРДА КУРТ СЫМАЛ ЖАНДЫКТАР АНЫКТАЛГАН ЖОК

AkiTv
Скачать
Просмотров: 2220
 
Опубликовано 1 Апреля 2021, 14:48

Медициналык беткаптарда курт сымал жандыктар чыкты деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул боюнча КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Алар социалдык тармактарга тиешелүү видеолор чыгышы менен текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
“Биз жаңы ачылган жана колдонулган беткаптардын бардыгын алып, микроскоп аркылуу текшердик. Жеке коргонуу каражаттарынын биринде дагы курт сымал жандыктар чыккан жок. Болгону кара түстөгү кездеменин жиптерин көрө алдык. Сыягы, ал видеолордун авторлору ошол кездемени куртка окшотуп алышса керек”, - дейт департаменттин врач-лаборанты Гүлмира Жумашова.