Баетовдо 350 гө чукул аялзатына майрамдык белектер тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 510
 
Опубликовано 7 Марта 2021, 13:21

8-март Айымдардын эл аралык күнүнө карата Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 350 гө чукул аялзатына белек берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 6-март күнү Баетов айыл өкмөтү жана айылдык кеңеши тарабынан майрамдык иш-чара өткөрүлүп, айымдарды район акими Сейтек Кулубаев, айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков, айылдык кеңештин төрагасы Билимбек Капарбеков жана Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Дөлөев куттуктады.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө айрым аялзаттарына райадминистрациянын, айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары ыйгарылды. Ошондой эле, Баетов айыл өкмөтүнүн "Мыкты айымдары" номинациялары тапшырылды.

Майрамдык кече Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин, райондук маданият үйүнүн, "Тынчтык" балдар бакчасынын жана айылдагы таланттуу өнөрпоздордун чакан концерттик программасы менен коштолду.