«Жол тескөөчүлөргө мыйзам иштебейби?»: Ошто активист менен жол тескөөчүнүн чыры

turmush
Скачать
Просмотров: 2002
 
Опубликовано 4 Марта 2021, 10:28

1-март күнү кечки саат 22:30дар чамасында Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө жайгашкан ашканалардын биринин астына милициянын кайгуул кызматынын кызматкери автоунаасын токтотуп, кошумча сигнал берүүчү жарыгын жандырып, өзү тамактанганы кирип кеткен. Бул окуяны Ош шаарынын тургуну Эмирлан Бостонбаев “мыйзам баарына бирдей болуш керек” - деп видеого тартып алган.

Видеодо Эмирлан: “Бул жерге башка тургундар же коноктор унаасын токтотуп, кофе ичип чыкканга чейин милициянын кайгуул кызматы протокол түзүп, айып пул салат. Эми алар да туура эмес жерге токтотуп алыптыр. Аларга ким айып пул салат же буларга боло береби?”,- деп суроо узатып, милициянын кайгуул кызматынын кызматкери тамактанып отурганын тартып, кайры сыртка чыгып анын чыгышын күтүп турганын көрүүгө болот.
Эмирлан Бостонбаевдин айтымында, ал кызматкер өзүнүн кылганын туура дегенсип, видео тартып жатканда унаанын ичине чакырып “Ээ бул жакка келсеңиз сүйлөшөлү?” деген. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери пикир бергенден баш тарткан.