Аксыдга А.Абышов ашуусунда калың кардан улам тыгын жаралып, адамдар карды кол менен тазалоодо

turmush
Скачать
Просмотров: 2048
 
Опубликовано 25 Февраля 2021, 12:04

Нурболот аттуу Кербен шаарынын тургунунун айтымында учурда 30дан ашык унаа ашуудан чыга албай турат.

«А.Абышов атындагы ашууда кар калың түшүп жолдордо тыгын жаралды. Кардын калыңдыгынан улам унаалар өтө албай калды. Учурда адамдар кол менен тазалоодо. 30дан ашык унаа тыгында турат»,-деди ал.

Аксы райондук ДЭП-12 жол тейлөө ишканасынын башчысы Алмаз Муратбеков кардын калыңдыгы 40 см болгондуктар тазалоо тазалоо кыйынчылык жаратып жатканын айтты.

«Ашууда кардын калыңдыгы 40 см ашык. Ал жерде техникалар карды күрөп жетише албай жата. Кар оор. Азыр кошумча техникаларды сүйлөшүп жатабыз. Ашууда авто тугындар жаралууда»,-дейт А.Муратбеков.

Аксы районуна баруучу 2 ашуу бар. 1 ашууну ДЭП ишканасы тазалайт.