Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы "Турук" көмүр кенине бара турчу жолдогу Жаман-Даван суусунун 4 жерине убактылуу көпүрө коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган кенге бара турчу жол Жаман-Даван сайынын ичи аркылуу өтөт. Бирок, кар жаап, муз тоңуп калгандыгына байланыштуу көмүр тарткан унаалардын өтүшү кыйын болгондуктан көпүрө салууга жана тик кыяларга шагыл төгүүгө мажбур болушкан.
"Жаман-Давандын 4-5 жеринен суу кечип өтөбүз. Күн абдан суук болгондуктан муз тоңуп унаалар менен өтүшү кыйын болууда. Андан сырткары, тик кыялар дагы тайгак болуп унаалар чыга албай жаткандыктан ал жерлерге дагы топурак, шагыл төгүүгө туура келди. Күн-түн дебей иштеп 4 жерге убактылуу көпүрө салдык. Бул көпүрөлөрдү жазында суу катуу кирсе талкалап эле кетет. Башка арга жок. Тайгалак болсо дагы элге көмүр тартпасак болбойт", - деди айдоочулар.
Ал эми район акими Сейтек Кулубаев көпүрө салууга сарпталган күйүүчү майы демөөрчүлөр тарабынан берилгендигин белгиледи.
"Жолду оңдоого "Турук Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коому жана райадминистрациядан сентябрь айында 700 литр күйүүчү май бөлүп берип, райондук суу чарба башкармалыгынын техникасы аркылуу бир сыйра орчундуу жерлери жасалган. Ошондой эле, өткөн жумада Баетов айылынын кулуну, инибиз Мурадил Сыдыков 2 тонна күйүүчү майын алып берген. Ал эми жолду оңдоо, көпүрө салуу иштерин айдоочулар өздөрү аткарышты. Мындан тышкары, "Сай-Ачык" көмүр кенинен көмүр казуу иштерин аткарып жаткан "Болот Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому көпүрө салууга кубаттуу техникаларын берип жардам берди. Учурда, жол тайгак болгондуктан, жолду оңдоп-түздөп турууга погрузчик техникасын нөөмөткө коюп бердик", - деди аким.