Пандемия башталгандан бери Балыкчы шаарында COVID-19 илдетине жана пневмонияга кабылгандардын саны 600дөн ашты. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Арнабек уулу Азамат билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын сентябрь айынан тартып коронавирус жана пневмония менен ооругандардын саны 221и түздү.