Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында мал камоочу жай курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кош-Дөбө айылдык жайыт комитетинин төрагасы Акбар Мисир уулу билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылы сентябрь айында аба ырайы кескин өзгөргөндөн улам мал жайлоодон эрте түшүп, дыйкандар үчүн көйгөй жаралган.