Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган шайлоого даярдык көрүү максатында гарнизондук нускамалар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ага райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, элдик кошуун катышты. Ошондой эле, өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү.