"Кыргызстандын жаратылышы" Чокусу асманга сайылган Калкагар зоосунун укмуштуудай кооздугу

turmush
Скачать
Просмотров: 1420
 
Опубликовано 24 Сентября 2020, 21:52

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Орто-Сырт жайлоосунда жайгашкан Калкагар зоосу келген туристтерди кооздугу менен таңгалдырып келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Калкагар зоосу - Орто-Сырт өрөөнүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан. Калкагар - бийик зоо, калканыч деген маанини билдирет. Бул кооз зоого арнап акын Өмүрбек Дөлөев ыр жазып, композитор Жалил Сыдыков обон чыгарган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган зоо адам колу менен жасап койгондой элести берип турат.

"Бул зоокада кайберен, илбирс мекендейт. Аска бетинде майда оюкчулардан тарта чоң-чоң үңкүрлөр бар. Өзгөчө кооз Калкагар зоосунун ичинде чоң үңкүрлөрдүн биринде бийиктиги 7 метрден ашык шаркыратма сууга окшош муз орун алган. Ал жерди Муз-Төр деп аташат. Муз жайгашкан каньондун ичинде жүрсөң кадимки кондиционерге түшкөндөй болосуң. Калкагар аскасы күн батаар алдындагы күндүн кызыл түстөгү чачкан нуруна чагылышкан учурда өзгөчө, керемет кооздукка бөлүнүп, чет өлкөлүк туристтерди өзүнө тартып, суктандырып турат. Жай мезгилинде туристтердин саны үзүлбөйт", - дешет тургундар.

Бийиктигине көз жеткис Калкагар аскасында мумиялар бар экендигин акын Өмүрбек Дөлөев айтты.

"Калкагар аскасы туурасында эл ичинде эч кандай деле уламыш же санжыралар жок. Калкагар зоосунун башы асманды сайып турган, эң бийик, касиеттүү, миңдеген усталар биригип атайын кол менен куруп койгонсуп көрүнөт. Бул жерди ат менен айланып бастырып көргөм. Ушунчалык укмуштуудай кооз жер. Өзгөчө, кийиктер өтө көп. Бир четинен карасаң, байыртадан калган дүйнөлүк хансарай дейбизби же шаардын дейбизби, айтор айланта курчалган өтө чоң сепилдей көрүнөт. Зоонун этек жагында үңкүрлөр, кичирээк оюкчулар бар. Ошол оюкчуларда, үңкүрлөрдө чөп аралашкан мумиё көп. Мен дагы мумиёлордон үйгө алып келип, айрым адамдарга дагы бергем. Мумиё абдан күчтүү дарылык касиети бар. Өзгөчө, адам сөөгүнүн сынган жерлеринин кайра бүтүшүнө жана башка көптөгөн ооруларга дары. Бир сөз менен айтканда укмуштуудай кооз зоо", - деди Ө.Дөлөев.