"Сырдуу ак жыландар, боз кулун..." Ак-Талаадагы Жылуу-Суунун таржымалы жана тагдыры.

turmush
Скачать
Просмотров: 9582
 
Опубликовано 17 Сентября 2020, 01:08

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дарылык касиетке ээ "Жылуу-Суу" эс алуу жайынын таржымалы жана азыркы тагдыры туурасында аймактык кабарчы сурамжылоо жүргүздү.

Жылуу-Суу - Ак-Талаа жергесинде Нарын дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1570 метр бийиктикте жайгашкан. Негизинен, жер астынан чыккан ысык , минералдуу суулардын катарына кирет. Суу геологиялык жарака аркылуу жер үстүнө агып чыгат. Суунун жылуулугу 34-36 градусту түзүп, курамында бир катар химиялык элементтер бар экендиги аныкталган. Дарылык касиетке ээ болгон сууга кезегинде эс алуу жайы курулган. Бүгүнкү учурда "Жылуу-Суу" эс алуу жайы кароосуз калып, жок болуп кетүү коркунучуна кептелген.

"Жылуу-Суу" эс алуу жайы качан ким тарабынан курулгандыгы туурасында акын жана журналист Өмүрбек Дөлөев буларга токтолду.

"Жылуу-Суу негизи Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу. 1977-1980-жылдары Ак-Талаа райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган Жанабил Абдрахманов тарабынан курулган. Бир чоң бассейн, анын жанында балдарга ылайыкташкан дагы бир бассейни, жатакана үчүн тамы сыяктуу баардык шарты менен курулган. Кийин, райондун биринчи секретары болгон Молдобек Ашыралиев тарабынан кайрадан керектүү жайлары курулуп, оңдоп-түздөөдөн өткөрүлгөн. Эсимде, оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүгө элден каражат чогултулган. Абдан сонун, керемет эс алуу жайына айланган. Балалуу боло албай жаткан аялдар, ооруган адамдар барып сыйынышчу. Башкача айтканда ыйык жер болсо, суусунун дарылык касиети бар болгондуктан дарыланыш үчүн дагы көп адамдар келчү. 2001-жылдары М.Ашыралиев Ак-Талаадан кетти. Ошондон бери бул ыйык жерибиз каралбай калды. Таланып, тонолду", - деди Ө.Дөлөев.

Баетов айылынын тургуну Самат Асаналиев "Жылуу-Суу" эс алуу жайынын ахыбалын көрүп жүрөгү сыздаганын айтты.

"Биз бала кезде Жылуу-Сууга велосепед менен барчу элек. Ал кезде жолдору дагы абдан жакшы эле. Эс алуу жайдын өзүнө чейин автоунаалар жетчү. Ушул жылы жай мезгилинде барып келдим. Эми көрсөң жүрөгүң сыздайт, ыйлайт. Унаа жолдор бузулуптур. Нарын дарыясындагы чоң көпүрө ортосунан сынып түшөйүн эле деп калыптыр. Көпүрөдөн өткөн соң Жылуу-Суунун өзүнө жетиш абдан кооптуу экен. Жылуу-Сууга чейин алып бара турчу унаа жолду суу эчак эле жеп кетиптир. Ал жерге барыш үчүн бийиктиги 10-15 метр болгон жардан аркан аркылуу түштүк. Ал жерге үй бүлөң менен бара албайсың. Тактап айтканда аялзаттары ал жардан өтө албайт. Андан сырткары, бассейндин айланасына 3 метр бийиктикте камыш өсүп кеткен. Ары жагындагы жабык бассейндин, жатакана, ашкана сыяктуу имараттар дээрлик талкаланып бүтүптүр. Ушундай ыйык, касиеттүү жайыбызды коргой албай, сактай албай калганыбыз өтө өкүнүчтүү. Көрсөң жүрөгүң сыздайт", - деди активист С.Асаналиев.

Айтылуу Хан Шырдакбектин боз жоргосун дал ушул Жылуу-Суудан кармап алышкандыгы боюнча эл оозунда санжыра дагы айтыларын журналист Өмүрбек Дөлөев айтат.

"Жылуу-Сууну ыйык жер деп келишет. Мунун чындыгы болушу мүмкүн. Жылуу-Суунун айланасында өңү ак жыландар аябай көп болчу. Ак жыландарды өз көзүм менен көргөм. Ал кезде айдоочу элем. Орустар келип жол салуу иштерин жүргүзүп жатышканда жыландарга дагы кол салышып, көзгө көрүнгөндөрүн өлтүрүп салышты. Ошондон кийин ак жыландар Жылуу-Суудан оолактап кетишти. Кийин, ак жыландарды Жылуу-Суунун жанындагы тоо боорунан анда-мында көрүп калып жүрдүк. Ошол ак жыландарды ошол жердин ээси болчу деп дагы айтып жүрүшөт.
Эми бир санжыра же болумуш айтып берейин. Бул болумуш окуяны тээ илгери Бексултан аттуу карыядан угуп, жазып алган элем.
Бексултан карыя мындай деп айткан; Тээ, 8-9-кылымда Хан Шырдакбек Ош жергесинде төрөлүптүр. Бир өзбек көпөскө жумушчу болуп иштеп, анын 2 аргымагын бага баштайт. Бир күнү уктап жатса түшүндө бир аксакал киши келип мындай деген экен;
- "Балам, кожоюнуңа айт. Кере кулач аркан алып, Ак-Талаанын Ала-Буга суусунун куюшундагы Жылуу-Суу деген жерине барсаң үч чоң ак чечек деген дарак бар. Ошол дарактын бирөөнө аркандын бир учун байла, бир учун таман тузак кылып кой дейт. Анан, өзүң көрүнбөй аңдып жата бергиң деген экен. Бир убакта тоодон тору бээ келип, суунун жогору жагынан бээ, ылдый жагынан боз кулун суу ичет дейт. Ошол боз кулун таман тузагыңа түшөт. Арканды анча-мынча тартсаң кулундун бутунун бакайына аркан илинип, кулун үч жолу мөңкүйт. Ошондо, баягы дарактын башы жерге үч жолу тийип, үч жолу кайра көтөрүлөт. Кулунду кармап, башына нокто салып, башынан сыласаң туйлабай туруп берет. Ошол кулун сенин тулпарың болот", - деген экен. Ошентип, баягы кулунду Шырдакбек Жылуу-Суудан кармап алган деп айтылат санжырада. Хан Шырдакбектин боз жоргосун ошондон улам кайыптан туулган тулпар деп айтышкан экен", - деди санжырачы Ө.Дөлөев.

Жылуу-Суу туурасында өзүм дагы бир-эки ооз сөз айта кетейин дейт журналист Сагыналы уулу Адилет.

"Эсимде, 2003-жылы мектепти аяктап, коштошуу аземи катарында классташтар 2 автобус айдатып алып Жылуу-Сууга барган элек. Мурун ал жайдын өзүнө чейин унаалар бара турчу жол болуптур. Биз барган учурда Нарын суусу сол ныптасына бурулуп агып, тоо түбүндөгү унаа жолду жеп кетиптир. Бирок, адам басып өткүдөй чыйыр жол бар экен. Ал жолдон жөө өтүп, бир аз эле басып жеткенбиз. Эс алуу жайын Темирбек аттуу адам тейлечү. Барсак, эми эс алуучулар абдан көп экен. Жатакана катары 2-3 вагон, жабык бассейн, тейлөөчү жашаган үй, андан сырткары, чоң адамдар үчүн 1 бассейн жана балдар үчүн кичинекей бассейн бар болчу. Кирүү акысы... калп айтпасам адам башына 10 сом болсо керек эле. Бир күн эс алып келгенбиз. Абдан сонун болчу. Кийин, 2009-жылы май айында үйлөнүп айылга келдим. Үйлөнгөндөн кийин ашып кетсе 20 күндөн соң достор жубайларыбызды ээрчитип алып Жылуу-Сууга жөнөдүк. Барсак, баягы жөө адам өтө турчу тоо түбүндөгү чыйыр жол жок. Нарын дарыясы сол ныптасына бурулуп, тоо түбүнөн агып жатыптыр. Бизге чейин тоо түбүнөн Нарын дарыясын кечип өтүп жүрүшкөн экен. Биз дагы ал жерден жетелешип убап-чубап суунун жээгин кечип өтө баштадык. Бир катар досторум өтүп кетишти. Мен дагы бир колума жубайымды жетелеп, бир колума узун таяк кармап алып, таяк менен суунун тайыз жерлерин текшерип өтүп бара жатканбыз. Бир убакта жубайымдын буту таштан тайып кетип Нарын дарыясына жыгылды. Дарыянын жээги, жай агым эле. Жубайым суунун ичинде чабалактап жатат, тартып алайын десем колум жетпейт. "Агып кетсе эмне болот, кой" деп коркконумдан артынан өзүм дагы түштүм. Анан, кучактап алып жээгине эптеп алып келем. Бирок, жээгиндеги бир аз шар агымына жеткенде кайра артка агып кетебиз. Ошентип, 2-3 жолку аракеттен кийин бир-эки досум бизди тартып чыгарып кетишти.
Муну эми Жылуу-Суу десе эсиме түшүп айтып жатам. Ошол окуя таптакыр эсимден кетпейт. Азыркы учурга чейин досторум бизди "булар Жылуу-Сууга түшпөй эле, муздак сууга агышкан" деп күлүп калышат.
Эми, Жылуу-Сууну ошол кезде сактап калышса болмок эле. Ал учурда райондук, облусттук бийликте кимдер отурганын билбейм. Мындайча айтканда, ал керемет эс алуу жайын сактап калууга эч кимиси кызыкдар болбой, кандайдыр бир деңгээлде шалаакылык, кайдыгерликке салып коюшкан да. Ошол кыйын учурда ал жерден эч алуучулардын карааны үзүлчү эмес. Бул кайдыгерликтин эле кесепетинен улам минтип сонун эс алуу жайды жоготуп жиберишкен. Бул акыйган чындык!", - деди Сагыналы уулу.

Аталган жайдын азыркы абалы же тактап айтканда бир тарабы күркүрөп аккан Нарын дарыясы, бир тарабы бийик аскалуу тоо менен курчалып, адам жете алгыс аралчага айланып калгандыгы айтпаса дагы түшүнүктүү болду.