Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин алдына 20 жылдыктар КРдин желегин орнотуп беришти. Бул тууралуу мектептин директору Болот Бообек уулу билдирди.
Желек 13 метр бийиктикке орнотулду.
Белгилей кетсек, аталган 20 жылдыктар буга чейин мектепке 60 партаны отургучтары менен алып беришкен. Ошондой эле такта алып беришкен.