Беш-Арал коругунун кызматкери мамалагын эрчитип жүргөн аюуну тасмага тартып алган

turmush
Скачать
Просмотров: 5923
 
Опубликовано 14 Сентября 2020, 10:35

Анын айтымында, аталган корукта азайып бара жаткан жаныбарлар бар. Аларга жем, чөп жана туз берип турушат. Ал арада жаныбарлардын түрүн көрүп, ыңгайы келсе чөнтөк телефонуна видео байкоого алып коет.

“Тез эле корукка чыгып, андагы жаныбарлардан кабар алып турабыз. Бирок, ал жердеги кызыктарды тартып алууга видео же сүрөткө алуучу аппараттарыбыз жок болуп, көп кызыктарды өзүбүз көргөн менен башкаларга көрсөтө албайбыз. 6-сентябрь күнү бир “ак тырмактуу күрөң аюу” эки мамалагын эрчитип, ойнотуп жүргөнүн көрдүм да чөнтөк телефондун видео байкоосуна тартып алдым. Ал жерде жаныбарлардын жашоосу да өзүнчө кызык билген адамга… Негизи аюулар 3 жылда бир жолу 2 мамалак тууйт. А жаш аюулар 3 жылда 1 мамалыктайт. Аюулар жыл мезгилдерине карап жүнү түлөп, ар кандай түскө өзгөрө алат”,-деди Ысак Исматов.