Ак-Чий айыл өкмөтүнө жаңы комбайн алынып келди

turmush
Скачать
Просмотров: 654
 
Опубликовано 1 Августа 2020, 18:51

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл айылына "Класс Доминатор" үлгүсүндөгү жаңы комбайн техникасы алынып келинди.

Айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов билдирген маалыматка таянсак, аталган техника "Турук" көмүр кенинен Ак-Чий айылына бериле турчу социалдык баштык каражатынын эсебинен 2,5 млн сомго алынып келди.

"Улуу Курман айт күнүндө элибизге оомат келип отурат. Бул биз үчүн өтө чоң кубаныч. Өзүңүздөр билгендей күзгү дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү учурунда комбайн жетишсиз болуп, жетишсе дагы эски болуп элдин эгиндердин жыйноо кыйынчылык туудуруп келген. "Класс Доминатор" комбайны 2012-жылы Германия өлкөсүнөн өндүрүшүнөн чыккан. Комбайнды "Турук" көмүр кенинен көмүр казган ишканалар тарабынан айылга бериле турчу соцбаштык деп коёт. Ошол каражаттын эсебинен алынып келди. Көмүр казган ишканалар соцбаштыктын каражатын деле толук берише элек. Антсе дагы, комбайндын каражатын 2-3 жылда төлөп берип кутулабыз", - деди Э.Айыпов.