Ак-Талаада белгилүү хирург К.Карагулов акыркы сапарга узатылды

turmush
Скачать
Просмотров: 10487
 
Опубликовано 8 Июля 2020, 14:10

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында каза болгон белгилүү хирург Кубанычбек Карагуловду эскерүү митинг өтүп, сөөгү жерге берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 8-июль күнү хирург К.Карагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бир туугандары, кесиптештери, куда-сөөктөрү, жакын санаалаштары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты чакан эскерүү митинги менен коштолуп, анда айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков, хирургдун бир тууган иниси Сүйүнбек Карагулов, хирург Догдурбек Бектуров, айылдык кеңештин депутаты Бекжан Карасартов жана бажасы Шаршенбек Мамытбеков маркум К.Карагуловдун ишиндеги ийгиликтери, жетишкендиктери, адамгерчилик сапаттары туурасында эскеришти.

"Бүгүн биздин үй-бүлөдө абдан чоң жоготуу болуп жатат. Эркек бир туугандардан үчөөбүз элек. Буга чейин агабыз каза болуп калып экөөбүз калдык эле. Эми минтип жалгыз калып отурам. Агам Кубанычбек адамгерчилиги, өз ишин так билгендиги, ишине берилгендиги менен өзгөчөлөнүп турчу", - деди иниси С.Карагулов.

Эске сала кетсек, белгилүү хирург - дарыгер К.Карагулов кечээ 7-июль күнү 55 жаш курагында узак оорудан улам дүйнө салды.