Токмоктогу жол кырсыгынан өспүрүмдөрдүн бири каза болуп, экинчисине бүгүн операция жасалат

turmush
Скачать
Просмотров: 15471
 
Опубликовано 23 Июня 2020, 09:42

Токмок шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, кырсык 20-июнда болгон.
1985-жылы туулган аял киши «Хендай Аванта» унаасын башкарып бара жаткан. Унаа Дружба көчөсүнө жеткенде мопед менен сүзүшкөн. Мопед 2001-жылы туулган жигиттин башкаруусунда болуп, жанында жүргүнчү да бар болгон.