Кара-Көл шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттуу белектер жана акчалай сыйлыктар берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 97
 
Опубликовано 3 Июня 2020, 09:13

Бүгүн 2- июнь Кара-Көл шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттуу белектер жана акчалай сыйлыктар берилди деп билдирет аймактык кабарчы.
Иш чара шаардык мэриянын имаратында өтүп, ага шаар мжри И.Еркеев жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, алардын ата-энелери катышты.
Иш чарада мэр И.Еркеев балдарды 1- июнь Балдарды коргоо күнү менен куттуктап, 15 балага Токтогул ГЭСтер Каскады тарабынан даярдалган таттуу баштыкчаларды жана мэриянын резервдик эсебинен ар бир балага 500 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык тапшырып жатып алар менен маектешип, баарлашып "Аралыктан билим алып жатасыңарбы? Жакшы окуп жатасышарбы?" деп сурады.
Анда "Аралыктан окуу анча жакшы эмес экен. Мектепке барганды сагындым" деген жоопту шаардын кичинекей тургуну Өскөнбаева Айбике жооп берип, иш чаранын катышуучуларына жагымдуу маанай тартуулады.
Иш чарага катышып, белек алган балдар 1- июнь Балдарды коргоо күнүнүн алкагында уюшулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасындагы "Сыйкырдуу түстөр" онлайн ( вотсап) сүрөт сынагына катышкан. Алардын арасынан шаардык турдан өткөн талантуу эки баланын эмгектери областка жөнөтүлгөн. Сынактын талаптарына ылайык 20 жашка чейинки балдар катышууда. Алар өз эмгеги, аты-жөнү тууралуу кыска көлөмдөгү видео маалыматтарды тартып, соц тармактан инстарграмга жүктөсө болору көрсөтүлгөн.
Кара-Көл шаарынан областык турга №1 Токтогул атындагы мектеп гимназиясынын 1- классынын оккучусу Орозбеков Арнастын жана Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинин 3- классынын окуучусу Өскөнбаева Айбикенин тарткан сүрөттөрү жөнөтүлгөн.
Ошондой эле Балдарды коргоо күнүнө карата шаардагы 26 жетим баланын ар бирине жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдардын депозиттик эсеп счетуна 3 миң сомдон акчалай жардам которулган.