Ак-Талаада ачык асман алдындагы музей уюштурулууда

turmush
Скачать
Просмотров: 372
 
Опубликовано 3 Июня 2020, 02:39

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук тарых музейинин алдында ачык асман алдында музей уюштурулуп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сырттан келген туристтерди тартуу максатында өткөн жылдан бери ачык асман музейи уюштурулуп жатат.

"Бир күндө же бир мезгилде жасап коё турчу иш болбогондон кийин 1 жыл ичинде эле даярдай коюш кыйынга турууда. Экспонаттарды коюу, тарыхый жайлардын сүрөттөрүн тартуу жана башка иштер азыркы күнгө чейин уланууда. Ачык асман музейинде ата-бабаларыбыз колдонгон таш буюмдар коюлду. Мындан сырткары, жергебизден чыккан тарых инсандардын жана тарыхый жайларрыбыздын сүрөттөрү коюлууда. Алдыда дагы бир катар иштерди аткаруу пландарыбыз бар", - музейдин директору Мыктыбек Апилов.

Ал эми музейдин сүрөтчүсү Рыскулбек Акматбеков ачык асман алдындагы музейге кыргыз элинин мамлекет катары түптөлүшүндөгү 5 олуттуу окуяны камтыган сүрөт тартууну улантып жатат.

"Биринчи көрүнүшүндө кыргыз элинин байыркы доору, экинчи компонентинде көчмөн элдин турмушу чагылдырылууда. Үчүнчү көрүнүшкө Манас атабыздын кыргыз элинин башын бириктирүүсү болсо, төртүнчү көрүнүшкө Үркүн окуясы камтылууда. Ал эми бешинчи көрүнүшкө Улуу Октябрь революциясы чагылдырылууда. Ар бир иштин өзүнүн чоң түйшүгү бар эмеспи. Сүрөт тартуу бир күндө же 1-2 айда эле тартып бүтүрүп сала турчу иш эмес. Абдан майда иш болгондуктан убакыт көп сарпталууда", - деди Р.Акматбеков.