Ак-Талаада мамлекеттик жалпы экзамен алуу иши жандуу башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 411
 
Опубликовано 3 Июня 2020, 01:25

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2019-2020-окуу жылынын аякташына менен бүтүрүүчү окуучулардан мамлекеттик экзамен алуу башталды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирген маалыматка таянсак, 1-июнь күнүнөн тарта жалпы орто билим берүү мектептеринде 9-класстын жана 11-класстын окуучуларынан мамлекеттик экзамен алуу иши онлайн түрүндө өткөрүлүп жатат. Кырдаалга байланыштуу ар бир мектепте түзүлгөн 4-5 мугалимден турган комиссия аралыктарды, санитардык гигиеналарды сактап экзамен алууну башташты.
Андан сырткары, район акими баштаган бир катар жетекчилер, мугалимдер бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ак жол каалашты.