Ак-Талаада окуучулар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү кимдер болду?

turmush
Скачать
Просмотров: 417
 
Опубликовано 3 Июня 2020, 00:37

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук балдарга билим берүү борборунун окуучулары арасында сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Борбордун директору Айнура Баязова билдирген маалыматка таянсак, 1- июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата талантуу балдарды колдоо максатында сынак уюштурулду. Сынакка катышкан окуучулар "Балдар жердин жандуу гүлдөрү", "Бөбөгүмө белек" жана "Бөбөктөргө ыр десте" аталыштагы тапшырмаларды онлайн түрүндө аткарып беришти.

“Балдар жердин жандуу гүлдөрү” аттуу видеороликтердин сынагына 10-13жаш курактагылардан 17 окуучу, 14-17 жаштагылардан 7 окуучу катышты. Бул сынакта 10-13 жаштагылар арасынан 1-орунду компьютер ийриминин окуучулары Айдар Абдылдаев жана Айназик Мируланова багынтса, 2-орунду англис тили ийриминин окуучусу Айдана Болотбекова, компьютер ийриминини окуучусу Артык Байышов жана шахмат ийриминин окуучусу Бакыт Жоломанов ээлесе, 3-орунду орус тили ийриминин окуучусу Сырга Маметов, англис тили ийриминин окуучусу Эмир Жеңишбеков Эмир жана шахмат ийриминин окуучусу Байэл Сыязбеков камсыздады.
Сынакка активдүү катышкандыгы үчүн англис тили ийриминин окуучусу Байнур Үсөнов, компьютер ийриминин окуучусу Байбол Абдылдаев, англис тили ийриминин окуучусу Нургиза Чыкынова, англис тили ийриминин окуучусу Канышай Кылычбекова ээ болду.
Ал эми 14-17 жаштагылар ичинен 1-орунду түрк тили ийриминин окуучусу Мирланбек кызы Жаркынай, 2-орунду орус тили ийриминин окуучусу Сезим Камчыбекова жана 3-орунду түрк тили ийриминин окуучусу Гүлнур Тынчтыкбекова багынтты.
Активдүү катышкандыгы үчүн англис тили ийриминин окуучусу Аманжол кызы Эркайым, түрк тили ийриминин окуучусу Раиса Таштанбекова сыйланды.

“Бөбөгүмө белек” аттуу сынагына 7-9 жаштагылардан 13 окуучу, 10-14 жаштагылардан 11 окуучу катышты.
7-9 жаштагылар ичинен 1-орунду чий чырмоо ийриминин окуучусу Розана Турдубаева, курак куроо ийриминин окуучулары Диана Нурланова жана Гүлзада Токтобекова ээлесе, 2-орунду чий чырмоо ийриминин окуучусу Азалия Турдубаева менен курак куроо ийриминини окуучусу Эрлан кызы Мактым камсыздаса, 3-орунду чий чырмоо ийриминин окуучусу Жаңылай Көчкөнбаева, курак куроо ийриминин окуучусу Айбек кызы Каныкей багынтты.
Активдүү катышуучу номинациясына чий чырмоо ийриминин окуучулары Алтынбек кызы Арууке жана Айдай Турдакунова Айдай, курак куроо ийриминин окуучулары Сабира Нурланова жана Акылай Нурланова ээ болушту.
Ошондой эле 11-14 жаштагылар арасында 1-орунду сайма саюу ийриминин окуучулары Баяна Куштаралиева, Диана Куштаралиева, курак куроо ийриминин окуучусу Айсулуу Орозбаева багынтса,
2-орунду курак куроо ийриминин окуучусу Жазира Атыканова,3-орунду сайма саюу ийриминин окуучусу Элзат Ажымуратова, курак куроо ийриминин окуучусу Нуржан Куштаралиева камсыздады.
Активдүү катышкандыгы үчүн чий чырмоо ийриминин окуучусу Акпейил Каниметова, курак куроо ийриминин окуучусу Каныбек кызы Нурайым, сайма саюу ийриминин окуучусу Айбийке Жусупбекова сыйланды.

"Бөбөктөргө ыр десте” көркөм окуу сынагына 6-10 жаштагыларга 4 окуучу, 11-14 жаштагыларга 4 окуучу катышты.
Мында, 6-10 жаштагылар арасында 1-орунду бий ийриминин окуучусу Айтумар Рыскулбекова, 2-орунду бий ийриминин окуучусу Наилия Карыбекова жеңип алды.
Активдүү катышуучу номинациясына бий ийриминин окуучулары Арууке Көчкөнбаева Арууке жана Жаңылай Көчкөнбаева татыктуу болду.
Ал эми, 11-14 жаштагылардан 1-орунду бий ийриминин окуучусу Айдана Ибраимова багынтты.