Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин 2 окуучусу республикалык сынакта алдыңкы орунду багынтышты.
Аталган музыкалык мектептин директору Венера Артыкбаева билдирген маалыматка таянсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык 2020-жылдын 8-январындагы «2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» Жарлыгынын алкагында, 1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Бала кербез» аттуу таланттуу балдардын республикалык онлайн кароо-сынагына Ак-Талаа райондук Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинен жалпы 9 окуучу катышты.
Сынакка катышкан окуучулар комуз, кыл-кыяк, чоор, чопо- чоор, жетиген, сыбызгы, баян, аккордеон, гитара жана элдик вокал боюнча жекече аткаруу, концертмейстер тапшырмаларын онлайн түрүндө аткарып беришти.
Жыйынтыгында, комуз күүлөрүн аткаруу боюнча Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин 5-классынын окуучусу Эмилбек кызы Индира 1-орунду ээлесе, ал эми чопо чоордо күү аткаруу боюнча 5-класстын окуучусу Кундуз Таалайбекова 2-орунду камсыздады.