Таластын тургундары К.Бакиевден кечирим сураган жигитти Кыргызстанга алып келүүнү суранышууда

turmush
Скачать
Просмотров: 177
 
Опубликовано 2 Июня 2020, 11:34

Бүгүн, 2-июнда АКИпресс-Таласта маалымат жыйын өттү. Анда «Баатырларга таазим» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Кишимжан Таштекеева, Күмүшай Бокотонова, Бектурсун Жандаралиев, Козубек Иманкулов, «Кара-Буура 6-7-апрель» коомдук бирикмесинин мүчөсү Медетбек Жунусалиев, «6-апрель Талас элдик революциясы» коомдук фондунунун төрагасы Төрөбек Кишенбаев, «6-апрель Бакай-Ата» кыймылынын мүчөсү Рыскулбек Жанкорозовдор келишти.

«6-7-апрелдеги окуяларга баарыбыз күбө болгонбуз. Арабызда ошол күнү балдарын жоготкон энелер олтурат. Канча деген уулдардын каны төгүлүп, андан бери да жаракатынан каза тапкандары канча? Биздин маалымат жыйынга келгенибиздин себеби, социалдык тармактарда өзүн таластыкмын деп атап, Курманбек Бакиевден кечирим сурап жаткан Болсунбек Бечекеев байланыштуу. Бул кандай тарбиясыз бала?Баарыбыздын атыбызды жамынып, «Апрель окуясынын катышуучусумун» деп жатат. Ал жигитте ар намыс деген жок экен. Ал бала өзүн Болсунбек Бечекеев деп бирде Болсунбек Рысбеков деп тааныштырып жатат. Учурда Түркияда жүрөт. Учурдагы бийликтен, президентибиз Сооронбай Жээнбековдон учурдагы саясий абалды туруктуу кармап, күч органдары катуу иштеп, Болсунбек Бечекеевди бизге алып келүүсүн суранабыз. Чындык ал тарапта болсо, келип биздин алдыбызда, балдарын жоготкон энелердин алдында сүйлөсүн», - деди алар.