Китепкана - адамзаттын акыл- эсине руханий азык берүүчү борбор - Г.Сулайманова

turmush
Скачать
Просмотров: 266
 
Опубликовано 27 Мая 2020, 08:46

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкананын башчысы Гүлжаз Сулайманова китепканачыларды куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнунда китепканаларды өнүктүрүү максатында 27-май китепкана күнү деп кабыл алынган.

"Китеп жан дүйнөнүн азыгы демекчи, чындыгында адамзат коомунун өнүгүп өсүшүнө, ар тараптуу билим алуусуна китепкана кызматкерлери эбегейсиз зор кызмат өтөп келет. Китепканачылар китептин баркын билген, баалуу адабияттарды окурмандарга жеткирген, маалымат ресурстары менен окурмандардын суроо талабын канааттандырган ардактуу кесип ээлери. Китепкана маалымат борбору гана болбостон адамзаттын акыл берметтери сакталган казына болуп, акыл эске руханий азык берүүчү маданий борбор болуп саналат. Китепкана кызматкерлери окурмандардын табитин тапса элдин аң сезиминен орун табат. Ошондуктан жакшы жазылган китептер көбөйүп элибизде билимдүүлөр көп болсун. Китепкана кызматкерлери элибиздин кылымдар бою уюткулуу казына акыл кенчи болгон маданий мурастарын сактап, келечек муундарга жеткирүү менен калкыбызды жаратман эмгекке жана руханий тазалыкка, жакшылыкка, бийик адамгерчиликке багыттай бермекчи. Республикабыздагы жалпы китепкана кызматкерлерин алтынга тете кенч сакталган китепкана күнү менен чын дилимден куттуктап кетмекчимин", - деди Г.Сулайманова.