Жумгалдагы Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинин 2000-жылдагы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык онлайн -жолугушуу кече өткөрүштү.

turmush
Скачать
Просмотров: 459
 
Опубликовано 25 Мая 2020, 22:49

Бүгүн, 25 -май- салтка айланган акыркы коңгуроо. Бирок, коомдогу өзгөчө шартка жараша акыркы коңгуроо, жолугушуулар ж.б. түрдүү иш чаралар дистанттык форматта өтүлүүдө. Маселен, Нарындын Жумгал районунун Куйручук айылынын 2000 -жылдагы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык жолугушууну аралыктан өткөрүштү.
Бул тууралуу аталган мектептин бүтүрүүчүсү, азыркы тапта Чүйдүн Сокулук районундагы Новопавловка гимназия орто мектебинин чыгармачыл мугалими Самара Молдоева билдирди.
" Балалык, окуучулук күндөр кичи Мекенибиз Куйручук айылында өттү. Бүгүн, 25 -майда мындан 20 жыл илгери акыркы коңгуроону какканбыз. Ошол күндөр көз алдыма күнү бүгүнкүдөй тартылып, 20 жылдык жолугушууну ушинтип аралыктан белгилеп жатабыз. Окуучулук күндөр өзүнчө эле романтика эле. Агай -эжелер , классташтар менен колтукташа басып, теребелди жаңырткан шаңдуу үн менен коштолчу. Айтып бүткүс сыйкырдуу жомок, түгөнгүс дастан, балалыктын энциклопедиясы болгон. Баары эсимде. Ар бир классташымдын күлкү чачкан үнү кулагыма жаңырып турат. Кээде аларга арнап ыр жазам. Окуучуларымдын мүнөзүнөн классташтарымды табам. Курбу кыздарымдан улуу аялзаттык асыл баалуулуктарды сезем.
Жыйырма жыл минтип тез эле,
Ак мектептен кеткен кез эле.
Өттү айлар, өттү жылдар тизилип,
Коштошордо көздөн жаштар акты эле.
Ырас, арадан 20 жыл өттү. Балалыкта жолубуз да, оюбуз да бир болот дечү элек. Көрсө, турмуш башка тура. Жолубуз башка, оюбуз бир болду. Ал ой улуу Адам болуу болчу. Ушул ой классташтык сезимди болоттой бек ширетип, жашоо кумарыбызды арттырып келет. Мен да жолдошум, балдарым менен ошол ак ойго байланып, жашоо кумарымды арттырып келем. Бар бололу, алтын классташтарым. Силер гана менин өмүрүмдөгү эң сонун бактылуу балалыктын, окуп түгөтө алгыс окуучулук күндөрүмдүн барагын кайра-кайра ачтырып, жашоого дем-күч берип келесиңер. Биздин эрезеге жеткирген ата-энелерибиз, мугалимдерибиз аман-эсен болсун. Баарына баш ийип таазим кылам.-деди чыгармачыл мугалим Самара Молдоева.