Нарында коронавирус чыгып жатканын билип туруп жубайымды эмне үчүн Нарынга алып барышат? - С.Осмоналиев.

turmush
Скачать
Просмотров: 42
 
Опубликовано 21 Мая 2020, 23:23

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын тургуну Саматбек Осмоналиев жубайы төрөй элек экендигин, айрым маалыматтар туура эмес берилип жаткандыгын айтып, нааразычылыгын аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин район жетекчиси Сейтек Кулубаев тарабынан 16-май күнү Ак-Кыя айылынын 6 жаранынан аталган илдет аныкталгандыгын, илдет ал жарандарга Нарын шаардык төрөт бөлүмүндө төрөп жаткан келин аркылуу жуккандыгын билдирип, жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн дагы илдет аныкталгандыгы кабарланган.

Бул боюнча Нарын шаардык төрөт бөлүмүнө жаткан келиндин күйөөсү Саматбек Осмоналиев маалыматтар туура эмес экендигин айтты.

"Менин колуктум боюнан козголуп Нарын шаарындагы ооруканага жаткан. Ал жактан 30-апрель күнү үйгө чыгып келген. 9-май күнү кайрадан боюнан козголгондуктан биздин айылдын дарыгерине телефон чалгам. Айылдын дарыгери келип, текшерип "Нарынга ооруканага алып барыш керек" деди. "Эмне үчүн Нарынга, Ак-Талаа райондук ооруканасына алып барсак болбойбу?" десем... дарыгерлер "болбойт" дешти. Мен колуктумду айылдык ооруканага жеткирип коюп, үйгө бара жатсам...мага байланышып "Самат, машине тап" дешкендеринен 4 орундуу машине таап келсем, кайра 7 орундуу машине табышымды талап кылышты. Мен андай машине таба албастымды айттым. Ошону менен айылдын 2 дарыгери колуктумду Нарынга алып кетишти. Ал учурда вирус деген жок болчу. 9-май түнү колуктумду алып кетишти. 11-май күнү колуктум Аида Мамышова мага телефон чалып "вируска карата менден анализ алышкан, таза чыкты дешти" деди. Анализинин жыйынтыгы түш чендерде жакшы дешкен экен. Бирок, кечке жуук эле "анализиңдин жыйынтыгы туура эмес чыгыптыр деп камап коюшту" деди. Эмне үчүн, Нарында коронавирус күчөп жатканын билип турушуп, менин колуктумду Нарынга алып кетишет?
Жубайым боюнча туура эмес маалымат берип жатышат. Жубайым төрөмөк тургай, ай-күнүнө дагы жете элек. Төрөп, бир туугандары учурашып барган деп жатышат. Мунун баары жалган нерсе. 9-май күнү айылдын 2 дарыгери гана жеткирип барышкан. Андан башка эч кимбиз барган эмеспиз. Ошондон бери туугандарынан, үй-бүлөсүнөн эч кимибиз барып жолуга элекбиз. 9-май түнү менен анализ алышканбы, айтор 11-май күнү түш чендерде анализи таза чыкты дешет дагы, кайра ушул эле күнү кечинде анализи бузулуптур, туура эмес чыкты деп жаткызып коюшуптур. Мен "ии анда мындай эле жаткырып коюшса керек" деп жүргөм", - деди Саматбек Осмоналиев.

Учурда аталган вирус аныкталды деп 6 үй-бүлө мүчөлөрү ооруканада жатышкандыгын айтты.

"Колуктум буга чейин жөн эле төрөп жүргөн. Операция жолу менен төрөсө дагы "ии" дейсиң да. Райондук төрөт бөлүмүнөн эле төрөп кетчү. Ушул учурда эле "Ак-Талаага алып барбагыла, жатыны ылдый экен, Нарынга алып барыш керек" дешип эле. Чындыгында Нарында болчу. Анан "эмне үчүн сен Нарындан чыгарып келесиң" дегендеринен... мен айттым "Нарындан ооруканадан чыгарып коюшса, колуктум жолго жатабы" деп айда ызылдашкам. Райондук ооруканага кайрылган эмеспиз. Азыркы учурда, райондук ооруканада 6 үй-бүлө мүчөлөрү жатабыз. Апам, мен, менин 2 кызым, 1 карындашым жана 1 жээним жатабыз. Учурда ден соолугубуз абдан эле жакшы. Дарыгерлер келип текшерип, "жакшы" деп жатышат. 3 маал тамак-ашын берип жатышат. Эч кандай оорунун белгилери деле жок.", - деди С.Осмоналиев.

Ал эми ак-кыялык келиндин райондук төрөтканага кайрылбагандыгын оорукананын башкы дарыгери Гүлзуура Чолпонбаева тастыктады

"Учурда соцсеттерде биздин төрөткананын дарегине сын айтып жатышат. Бизде жумуш оор. Эч ким төрөт бөлүмгө келип иштегиси келбейт, жолобойт дагы. Менден башка деле гинекологдор толтура. Кана келип иштешкендери?. Ал эми ак-кыялык келин мага кайрылган эмес.Айылдын дарыгери Нарынга кетириш керек болгондуктан улам ошол жакка жеткирди да. Ал келиндин боюнан жөн эле козголгон жок. тону ылдый шейкага жабышып калган. Төрөгөнгө чейин ооруканадан чыкпаш керек. Азыркы тапта 3 күндөн бери оор операция болду. 3 күндөн бери эмне деген ахыбалда болуп жатабыз. Башкалар жок дегенде тынчыраак укташат экен. Менин уктаганга дагы убакытым жок", - деди Г.Чолпонбаева.

Учурда Нарын шаарында ооруканада жаткан келин Аида Мамышова айылдаштарына кайрылуу жасады.

"Урматтуу Ак-Кыя жана Көк-Жар айылымдын кадырлуу тургундары! Адамзаттын башына эмнелер келип кетпейт. Тагдырдын сыноосуна кабылган бүткүл ааламдагы адамзаттын башына келген ааламатты жеңүүгө сабырдуулук керек. Ар дайым адам өзүнө ишениш керек. Мен эч кандай катуу абалга түшүп ооруган жокмун, жакшымын. Жарык дүйнөгө келе жаткан наристем үчүн, анын ден соолугунун камын көрүп, ушул тапта обсервацияда жатам. Ушундай учурда бири-бирибизге жакшы сөздөрдү айтып, көңүлүбүздү көтөрүп турсак болмок. Эмнегедир мен жөнүндө айтылып жаткан ачуу сөздөрүңүздөргө чыдабадым. Кудайым кандай кылам десе өз эрки. Эгер, бул оору менен чындап ооруп калсаң алтын сандыкка жашынсаң дагы ажал келсе алып кетет. Мен жөн гана 14 күндүк обсервацияда жатам", - деп кайрылды А.Мамышова.

Ал эми келинди кандай себеп менен Нарынга жеткиришкендерин ватсап аркылуу суроо узатканыбызда аталган айылдагы дарыгер жооп берген жок.