Кочкордо 13 аялга «Баатыр эне» ордени, 11 аялга «Эне даңкы» медалы тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 413
 
Опубликовано 21 Мая 2020, 08:38

Нарын облусунун Кочкор районунда көп балалуу 13 энеге «Баатыр эне» ордени, 11 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Көп балалуу энелерге сыйлык тапшыруу аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев катышты. Эмилбек Алымкулов баатыр энелердин эң улуусу болгон Курманбүбү Эшеновага (74 жашта) жана эң кичүүсү болгон Дильнура Алыбаевага (37 жашта) өзүнүн белектерин тапшырды.