Кадамжай районундагы " Бактылуу балдар" балдар бакчасы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын даңктаган видео ролик жаратты

turmush
Скачать
Просмотров: 191
 
Опубликовано 8 Мая 2020, 21:29

Баткендин Кадамдай районундагы " Бактылуу балдар" балдар бакчасы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата аталардын эрдигин даңазалаган видео ролик жаратты.
Бул тууралуу бакчанын мыкты тарбиячысы Уланбек кызы Рахима билдирди.
" 9-май- Улуу Жеңишке 75 жыл. Адамзаттын жашоосундагы кубаныч менен өкүнүчтүн эскерүү күнү. "Тээ батышта төрөлө элек биз үчүн..." мекенин коргогон, ок аралап, кан кечкен аталардын эрдигин даңктоо күнү. Биз , бала бакчанын тарбиячылары , дал ушул идеяны туу тутуп, балдар дүйнөсүнө жоокерлердин жоо бетиндеги баатырдыгын видео ролик аркылуу аралыктан берүүнү чечтик. Анда согуш, тынчтык, 9-май-Жеңиш күнү ж.б. түшүнүктөр камтылган. Келечек жашоонун айкын жолдору ачыкталган. "Бардыгы балдар үчүн"-деген ой оромдоруна чакырык ташталып, ал образдуу, элестүү сүртүмдөр менен сыпатталган..Жашасын 9-май -Улуу Жеңиш күнү"-деди ал.
" Бактылуу балалык" балдар бакчасы Кадамжайдын А. Орозбеков атындагы айылында жайгашкан.