Миң-Булактагы посттон келген «өзгөчө » видео

turmush
Скачать
Просмотров: 18671
 
Опубликовано 31 Марта 2020, 17:53

Нарын районундагы Миң-Булак айылынын кире беришине санитардык-карантиндик пост коюлган. Анда айылга кирген жана айылдан чыккан унааларды дезинфекциядан өткөрүшөт.
Постто айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген жигиттер кезек менен турушат. Алар бош болгон кезде айыл тургундарынын маанайын көтөрүү максатында бийлери тартылган видеолорду социалдык тармактардан бөлүшөт.
«Миң-Булак айыл өкмөтү 3 айылдан турат. Алар: Өрнөк, Куйбышев жана Миң-Булак айылдары. Аталган айылдын кире беришине айылга кирген жана чыккан унаалардын санын азайтуу жана аларды көзөмөлдөөгө алууда карантиндик-санитардык пост коюлган. Ар бир унааларды дезинфекциядан өткөрөбүз. Бул жерге айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген балдар турушат. Кезекти 12 саат кийин алмашып турабыз.
Азыркы тапта биздин өлкөбүздөн дагы коронавирус илдети аныкталды дегенден бери элдин маанайы чөгүп жүрөт. Ошондон улам алардын маанайын көтөрүп, бир аз болсо да жагымдуулук тартулоо максатында бош убактыбызда бийлеп, WhatsApp’тагы айылдардын тайпларына бөлүшөбүз. Мындан сырткары айылды дезинфекциялоо иштери менен алекпиз», - деди Миң-Булак айыл аймагынын айыл башчысы Замирбек Маштаев.