«Кудай жиберген белги»: Ысык-Көлдөгү окуяны эл жакшылыкка жоруп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 25683
 
Опубликовано 28 Марта 2020, 11:17

Түп районунун Долон айылынын жанындагы Долон көлүнө бир топ ак куулар конду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Долон айылындагы ФАПтын башчысы Насипкүл Амасбаеванын айтымында, көлгө акыркы 30 жылдан бери мындай көп сандагы ак куулар келип конгон эмес.

«Эң көп дегенде үчтөн түгөй конуп, элден алыс камыштын ичинде жумурткалап, анан учуп кетчү. Акыркы 5 жылда үнүн гана укпасак, өздөрүн көрө алчу эмеспиз. Ушунчалык жакын жерден биринчи жолу көрүп, биринчи жолу сүрөткө тартып жатабыз. Долон көлүнө ак ниеттүүлүктүн, сулуулуктун, махабаттын, тазалыктын, берилгендиктин жана ынтымактын символу болгон ак куулардын чоң тобунун конушу жана элден качпай жай сүзүп жүрүшү жугуштуу ооруну алдын алууга кудай жиберген белги же болбосо төлгө деп ойлойм», - деди Амасбаева.