Кызыл-Кыя шаарында азык-түлүктөр туруктуу баада сатылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 124
 
Опубликовано 27 Марта 2020, 15:55

Кызыл-Кыя шаарында азык-түлүктөр бир калыпта, туруктуу баада сатылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн шаар мэри Эрмекбай Топчубаев Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте борбордук базарда жана соода түйүндөрүндөгү азык-түлүктөрдүн баасын текшерип чыкты. Ага катар эле көчөдө жүргөн адамдарга өзгөчө кырдаал режими тууралуу маалымат берип, тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.