Талас шаарында кымбат коюлган ундун баасы өз калыбына келтирилди

turmush
Скачать
Просмотров: 296
 
Опубликовано 27 Марта 2020, 09:16

Кечээ, 26-мартта Талас шаарында кымбат коюлган ундун баасы дароо өз калыбына келтирилди. Бул тууралуу ун сатылган дүкөндүн өкүлү билдирди.
«Бир сатуу точкабызда ундун баасы кымбат коюлуп калган экен. Дүкөндүн административдик бөлүгү менен териштирип, бир нече саат ичинде ундун баасы 1500 сом деп коюлду», - деди ал.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Таластагы башкармалыгынын жетекчиси Нуржан Аманкуловдун айтымында, 1-сорттогу ундун баасы 1500 сомго чейин деп бекитилген. Жогорку сорттогу ундарга атайы баа чектелген эмес.