Бүгүн, 25-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс жана С.Атабеков айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар кичи шаарчасынын аймагында ӨКМдин кызматкерлери дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.
ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган иш-чаралар ӨКМ тарабынан республиканын аймагында күн сайын тынымсыз аткарылууда.