Кара-Буура районунда чебер айымдар биригип бет каптарды тигишүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга чебер Талимкан Сариева билдирди.
«Биз элибизде болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жөн отура албай, атайын 3 чебер чогулуп, тигүү ишканада бет каптарды тигип, бекер таркатып жатабыз. Буйрутмалар көп болууда. 3 саатта 150 бет кап тигилип жатат. Тигилген бет каптар тигилгендей алынып кетип жатат», - деди ал.