Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы Бакыт Шерматовдун үй-бүлөсү айылдаштарына бекер бет кап жана хлорамин каражатын таратышкандыгын айыл тургуну Нагима Токтосунова аймактык кабарчыга билдирди.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу беткаптардын жетишсиздигинен улам аталган айылдын туругуну Бакыт Шерматов жана анын жубайы Гүлзада Жоробекова жергиликтүү жашоочуларга беткап тиктирип бекер таратышса, ага кошуп үйлөрүн жугушсуздандырып алууга деп хлорамин каражатын жана ошондой эле айылдагы соода-сатык түйүндөрүнүн ээлерине медициналык кол кап жана антисептик каражаттарын бекер таратып беришкендиги маалым болду.
Бул боюнча Гүлзада Жоробековага кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду.
"Ооба, элибиздин коопсузудугу, ден соолугу үчүн бекер бет кап таратып бердик. Өзүбүз деле беткапка жетпей калганбыз. Анан, Нарын шаарына жумуштап барып калып, ал жактан беткап алалы деп аптекадан беткап алганбыз. Ошол жерден ойлонуп кетип, айылдаштарыбызга дагы алып алалы деген ой менен 200 дөн ашык бет кап сатып алып, аны айылдаштарыбызга бекер таратып бердик. Бирок, бул беткаптар жетишсиз болгондуктан, үйүндө тигүүчү машинкалары бар кол өнөрчү Мээрим Акматовага буйрутма берип, кошумча беткаптарды тиктирип, аларды дагы бекер таратып бердик. Канча беткап таратканыбызды деле санаган жокбуз. Андан сырткары, үйлөрүн бир сыйра дезинфекциялап алышсын деп хлорамин каражатын тараттык. Эми биздин айыл 1 көчөдөн турган кичинекей айыл эмеспи.
Үйдөн жолдошум экөөбүз "кой, беткап тиктиртип, элдерге таратып берип коёлу" деп сүйлөшүп жатсак, 4 жаштагы кызыбыз Айлун дагы "папам экөөбүз маска таратабыз...оорубаңыздар" деп сүйлөп жатпайбы", - деди Г.Жоробекова.