Манас районунда көчөлөр дезинфекцияланып, хлор чачылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалым болгондой, райондун кире беришине карантиндик посттор уюштурулуп, адамдар текшерилип жатат. Үй карантинге алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине 3 даанадан бет кап таратылды. Калган тургундар районго себепсиз чыкпастан, бет каптарды колго тигип тагынып жатышат.