Көздөрү таңылуу боюнча тез убакытта автомат чачкан ак-талаалык кыздар

turmush
Скачать
Просмотров: 1113
 
Опубликовано 20 Февраля 2020, 05:03

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында аскердик-прикладдык мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 19-февраль күнү аталган айылдагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде совет аскерлеринин Ооган жергесинен чыгарылганын 31 жылдыгына, 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө жана 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата 11-класстын окуучуларынын ортосунда "Биз мекенибиздин коргоочусубуз!" аттуу жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик-прикладдык мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулду.
Келечек муундарын патриоттуулукка үндөө максатында уюштурулган мелдешке күбө катары акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук аскер комиссариатынын башчысы Урматбек Икрамбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Улан Кубатов, райондук өрткө каршы кызматынын башчысы Кылыч Суранбаев, аталган мектептин директору Астра Токтогулова, ата-энелер жана ошондой эң негизги конок катары Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери катышты.
Мелдеш аскерге чейинки даярдоо мугалими Шаршенбек Мурзабековдун даярдоосунда уюштурулган мелдешке 11-класстын окуучуларынан куралган "Ак Барс", "Жеңиш" жана "Барс" командалары ортосунда айыгышкан мелдеш өттү.
Анда, командалар аскердик саламдашуу, аскердик кийимдерди кийүү, сапка тизилүү, аскердик марш менен ырдоо, аскердик көнүгүүлөр, ордунан чукул бурулуш жасап жыгылуу, курал-жарак менен күчөтүлгөн аскердик эрежелерди аткаруу, "Калашников" үлгүсүндөгү автоматын дүкөнчөсүнө 30 окту жыйноо жана чачуу, автоматты тез убакытта чачуу жана жыйноо, тез убакытта ууга каршы беткаптарды кийүү, алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүү, гирья көтөрүү жана башка тапшырмаларды так аткаруу менен көпчүлүктү таңгалдыра алышты. Өзгөчө, окуучу кыздардын тез убакыттын ичинде автоматты чачып-жыйноосу жана көздөрү таңылуу боюнча чачып-жыйноосу көрүүчүлөр менен калыстарды айран-таң калтырды.

Орун алган взводдор;

1-орунду 285 упай топтоо менен "Жеңиш" командасы,
2-орунду 281 упай чогулткан "Барс" командасы,
3-орунду 274 упай топтоо менен "Ак Барс" командасы багынтты.

"Активдүү катышуучу" номинациясы менен;

Айдана Юсупова,
Адилет Доктурбеков,
Аймырза Мухтарова,
Айдай Кубанычбекова,
Атантай Азыкбаев,
Кайрат Бекманбетов сыйланды.

Нарын облусттук "Баткен согушунун ардагерлери" коомунун грамотасы менен;

Назбийке Казиева,
Адилет Керимбеков,
Улук Жеңишбеков сыйланды.

Ошондой эле, "Ата-энелер" комитети тарабынан "Жеңиш" командасына 500 сом сыйлык берилсе, ал эми аскердик-прикладдык мелдешти жыл сайын уюштуруп жана өткөрүп келе жаткан Ш.Мурзабековго райондук өрткө каршы кызмат бөлүмү тарабынан картина, баалуу сувенер тапшырылса, ал эми "Кыргыз куралдуу күчтөрү" ардагерлери коомунун баалуу белектери менен взводдордун кыздар бөлүмчөсүнүн командирлерине жана аталган мектептин дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбекова сыйланды.