Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы Баатыр Касымов окуучулардын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу жолугушуунун уюштуруучулары билдиришти.
Маалым болгондой, айылдагы Аскарбек Алыбеков атындагы орто мектебинин окуучулары ага бир катар суроолорду берип, апасына телефон чалдырып, жакшы көрөрүн айттырышты. Айыл өкмөт башчысы курч суроолорду берген окуучуларга ыраазычылык билдирди.