Түп районунун Михайловка айылына жакын жерде 5 айылдын жаштары катышкан жайма улак тартыш оюну өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Михайловка айылынын улакчылары билдиришти.
"Оюн учурунда улак көлгө кирип кетип, арабыздан бир оюнчу суука, көлдүн тереңдигине карабай улакты алып чыкты. Көл терең болгондуктан, коопсуздук үчүн ага аркан байлап койгонбуз", - дешти михайловкалык улакчылар.