Ак-талаалыктардын оозун ачырган трактор жана туристтерди таң калтырган оргума

turmush
Скачать
Просмотров: 9169
 
Опубликовано 14 Февраля 2020, 02:41

Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылынын тургуну Бакытбек Шерматов ар кайсы унаалардын тетиктеринен кичи трактор жана квадроцикл жасап, жердештерин таң калдырууда. Бакытбек мырза менен аймактык кабарчы баарлашты.
Нарын университетинде билим алып, эколог кесибине ээ болгон Бакытбек мырза 2013-жылы жеңил автоунаалардын тетиктеринен кичи трактор жасап чыккан.
«Мектепти бүтөрүм менен эле дароо трактор айдадым. Техника жагына кызыгып калганымдын эч кандай себеби деле жок. Турмуш өзү эле кызыктырып койду окшойт. Антсе деле кичинекей кезимде зымдан оюнчук унааларды жасачумун. 2013-жылы "Трактор-Москвич" жасап чыктым. "Москвич" жана "Жигули" унаасынын тетиктеринен курадым. Алдыңкы жана арткы 2 көпүрөсү "Москвич" унаасыныкы болсо, кутусу "Жигули" унаасыныкы. Ал эми моторун кадимки эле движоктун мотору менен жасадым. Кичи тракторду жасоого 2 жылдай убакыт сарпталды. Учурда өз колум менен жасаган "Трактор-Москвич" техникасын иним айдап, майда-чүйдө чарбалык иштерге колдонуп жүрөт. Мисалы, суу ташып, тегирменге буудай жүктөп барып, ун кылып тартып келип дегендей. Кыскасы көп эле иштерге пайдаланылууда. Бул идея оңой эле ишке ашып кеткен жок. Аябай көп ойлонуп, бир топ убаракерчиликти талап кылды», - деди айылдык конструктор.
2005-жылдан 2010-жылга чейин айыл өкмөтүндө соцадис болуп эмгектенген Бакытбек мырза жакында эле квадроцикл унаасын жасап чыкты.
«Квадроциклди жасап чыгуу тракторго караганда оңой болду. "Жигули" унаасынын жана "Мотоциклдин" тетиктерин кураштырып жасап чыктык. Муну жасаганга 1 жылдай убакыт короду. Буларды жасоо — менин хоббим десем болот. Эми бул жасаган унаабыздын күчү 3-4 аттын күчүнө барабар. Ылдамдыгы саатына 40 километрге жетет. Күйүүчү май менен жүрөт. Муну деле күнүмдүк иштерге колдоном. Сугат, чөп чабыкка барганда айдап алам. Союздун автоунааларын жакшы оңдойм. Бирок, азыркы тапта автоунаа оңдоп деле кызмат көрсөткөн жокмун. Болгон жумушум, соода-сатык менен алектенем», - деди ал.
Жубайы Гүлзада Жоробекова менен окуу жайдан таанышып, 1 ай сүйлөшкөн соң ага баш кошкон.
«Эжеңди университеттен таап алгам. Бир көрүп жактырып, артынан 1 ай чуркап жүрүп алгам. Ал учурда мектепте мугалим. Кудайга шүгүр, 4 баланын ата-энеси болдук. Өзүм көп сүйлөбөйм, эмнегедир көп ойлоно берем. Ошол көп ойлонуудан улам жердештериме ар кандай күтүүсүз белектерди тартуулап жиберем. Былтыркы жылы Ат-Кулак жайлоосуна бийиктиги 2 метрге жеткен оргума жасап чыктым. Аны булактын көзүнө азыркы заманбап курулуш материалдары менен эле жасап чыктым. Кыш мезгили болобу, жай мезгили болобу, кыскасы тынымсыз суу бийиктикке атып агып турат. Ошон оргуманы жасап койсом, туристтер келип аябай таң калган. Эми аны деле кооздук үчүн эле жасап койгом. Ал тургай Бишкектен бери кызыгып келип көрүп кетишүүдө. Андан сырткары, ошол эле жайлоого жердештеримдин эс алуусуна жакшы болсун деп чарпая куруп бердим. Ичине меш, шашлык бышырып жешсин деп мангал, стол, отургучтарынан бери коюп бердим. Тамак жасап ичүүгө толук шарты бар. Бул жерден эч кандай каражат албайм дагы, таппайм дагы. Болгону жердештеримдин эс алуусуна шарт түзүп берип коёюн деген ой менен жасадым. Дааратканасынан бери курдум жана Ат-Кулак суусуна жөө адамдар өтө турчу кичи көпүрөдөн салып бердим. Пайдам — ошол элдин берген батасы, ыраазычылыгы», - деди ал.
2012-2014-жылдары Кызыл-Белес айылдык кеңешинин депутаты болуп үзүрлүү эмгектенген Б.Шерматов жемиш сейил багын жасоо менен алектенип келүүдө. Алсак, былтыркы жылы 500 даана жемиш бактарынын көчөттөрүн айыл четине отургузган. Анын ичинде алма, өрүк, карагаттын көчөттөрү да бар. Бул ишти быйыл дагы жаз алды менен колго алып, жемиш бактарын көбөйтүүнү пландоодо.
http://www.turmush.kg/news:388903?fro...