Мекендештер: М.Жолдошов Кореяда алып баруучу болуп иштеп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 372
 
Опубликовано 12 Февраля 2020, 11:34

Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында чоңойгон Медербек Жолдошов Түштүк Кореяда тамада, алып баруучу болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кореяга алгачкы жолу 2015- жылы декабрь айында келген.

Жаңы келгенде Кореянын Мокпхо деген шаарына келишимдик негизде жумушка келгем. Кийинчерээк долбоор боюнча ар кандай иш-чараларга катышып жүрдүм. Тойлордо ырдап бийлегендиктен Сеул шаарына жакын жакка барып келчүмүн. Ортодогу аралык алыс болгондуктан, келишимди бузуп, Сеулга жакын которулуп келдим. Бул жакта келишим менен темир заводдо иштейм. Курулуш иштерине керектүү темирлерди кесип, ийип бергиле деп буйрумта беришет. Ошого карата жумуш кылабыз. Жумуштун сааты ар кандай. Ишемби, жекшемби күндөрү эс алам. 8 саат иштейм. Ал эми кээ бир жумушчулар 12-13 саат иштешет. Ишемби күндөрү дагы иштеп, көбүрөөк айлык алгандар бар. Мен кээде иш-чара, тойлорго суранып кеткендиктен саатым аз болуп, айына 100 миң сомдой айлык алам. Жумушумдагылар суранганымды туура түшүнүшөт. Эки жакты тең алып кеткенге аракет кылам. Тойлорго барганда 5-6 адам болуп топтолуп барабыз. Тойдон эң көп алганыбыз 600 миң вон болсо, эң аз алганыбыз 300 миң вон болот. Аны тең бөлүшүп алабыз.

Корея ислам өлкөсү болбосо дагы бул жакта ислам жашайт экен. Бул жакта тазалык, бири-бирине сылыктык, жылмайып кароо, кичи пейилдик бар. Шаар аябай таза. Кадам сайын дааратканалар кулулган. Жумушта дагы динди сыйлашат. Мен чочконун этин жебейм. Келишим боюнча тамак-ашым, кийимим, жатаканам баары бул жактан каралат. Бирок мен чочконун этин жебегендиктен тамактын акчасын мага өзүнчө беришет.

Бул жакта ырчы, бийчи, алып баруучу, тамадамын. Мурда Кыргызстанда жүргөндө вокалдык окууну аяктагам. Андан кийин тойлордо ырдап, тамада болуп жүрчүмүн. Долбоор менен ар кандай концерттерге, тойлорго чыгып жүрдүк. Азыр Сеулга жакын жашайм. Иш-чаралар сезон учурунда күн сайын өтүп турат. 1 күндө 2-3 жерге чакыруу келет. Азыр болсо 1 жумада 1 жолу иш-чара өткөрүлүп турат. Бул жакта корей тойлоруна, кыргыз тойлоруна, концерттерге, иш-чараларга чыгабыз. Былтыр 31-август – Эгемендүүлүк күнү белгиленип, 3 күн боз үй тигилип турду. Негизи кыргыз майрамдары көп өткөрүлбөйт. Көбүнчө Нооруз майрамы жыл сайын чоң масштабда уюштурулуп турат. Бул жактан элчиликтен кыргыздарга тиешелүү ар кандай майда майрамдар, иш-чаралар өтөт. Бирок иш күндөрү өткөрүлгөндүктөн жумуштан бошой албай, биз катыша албай калабыз. Кореяда Нооруз майрамы 1 ай майрамдалат. Таджик, түрк, казак, өзбек, кыргыз улуттарынын ар бири 1 жумадан өткөрүп, 1 айга чейин созулат.

Мен жаңы келгенде «Айпери» деген бий тобу бар экен. Куралганына 6 жыл болуптур. Бий тобунун жетекчиси «Биз мурда корейлерге өзүбүз барып, биз дагы фестивалдарга катышалы деп жалдырачубуз. Алар кийин биздин маданиятыбызды сурап, кыргыз бийлерибизди көрүп жактырып калышкан. Андан көп убакыт өтпөй эле корейлер биздин маданиятыбызды бат эле алып кетти. Мурда өзүбүз барып жалдырасак, азыр өздөрү чакырып калды. Кээде мынча төлөп беребиз деп дагы чакырат. Кайрымдуулук иш-чараларынын ачылышын ачып беребиз. Бирок бекер катышсак дагы кетип жатканда косметикаларын белекке беришет. Биздин маданиятыбыздын күчтүү экенин ушул Кореяга келип байкадым. Корей элине биздин кыргыз көйнөктөрүбүз, кийимдерибиз дагы жагат» деп айтты.

Былтыр жетишкендиктерибиз аябай көп болду. Ар кайсы жерде жылдын мыктыларын аныктайт эмеспи. Быйыл дагы Кореянын мыктыларын аныктоо болуп, иш-чаранын ачылышында «Мөлмөлүм» деген ырга бийлеп бердик. бийин бийлеп ачып бердик. Булар менен кызматташтык жакшы. Бул жылы бизди телевидениелер дагы чакырышты. Былтыр март айында «Азия артисти» деген наам алгам. Журналдарга чыктым», - деди ал.

Медербек мырза үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Быйыл күздө Кыргызстанга келип, үй-бүлө курууну пландап жатат.