Баткен шаарында миллиондогон каражатка таза суу тартуу иштери аткарылып жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 63
 
Опубликовано 12 Февраля 2020, 10:15

Баткен шаарында таза суу 1 күндө болгону 2 саат гана берилип, элге ыңгайсыздык жаралып жатат. Бул тууралуу Баткен шаарынын тургуну Төрөхан Акматов билдирди.
Анын айтымында, суу бир көчөдө бар, экинчи көчөдө жок. Бирок азыркы учурда бардык көчөлөргө суу түтүгү тартылып жатат.

Таза суу» долбоорунун техникалык көзөмөлдөчүсү Аскар Абдулаевдин айтымында, Баткен шаарындагы таза суу көйгөйүн чечүү максатында Европа реконструкциялоо банкы тарабынан 5 млн 20 миң евро бөлүнүп, тендерден уткан казакстандык курулуш компаниясы суу түтүктөрүн тартууда. Курулуш ушул жылдын май айында аяктап, Баткен шаарындагы 2200 кожолук үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот.

Мэриянын маалыматына караганда, долбоордун алкагында суу түтктөрүнөн сырткары Баткен шаарынын 30 км жогору жагына суу топтогучтар курулууда. Ар бир үйгө суу эсептегичтер коюлат. Шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн жалпысынан 30 млн евро жумшалып, долбоор 3 транш менен каржыланат. Учурда долбоордун биринчи траншы аяктоо алдында турат. Анын алкагында шаардагы эл жыш жайгашкан аймактарга суу курлары орнотулууда.

«Азыр таза суу долбоорунун экинчи траншына документерди даярдап жатабыз. Кудай буйруса ушул жылдын аягына экинчи траншка 14 млн евро бөлүнсө каражаттын 50% таза сууга, 50% саркынды сууларды тазалоочу жайга жумшалат», - деди шаардын мэри Мамыржан Рахимов.


Таза суу долбооруна облус аймагынан Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаары да кирген. Эгерду жумуштар толугу менен аткарылса бул шаарларда элдин таза сууга болгон муктаждыктары жоюлат.