Кара-Буурада жапайы жаныбарлар үчүн туз жана жем чачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 429
 
Опубликовано 11 Февраля 2020, 16:32

Кара-Буура районунун Кара-Буура өзүнүндөгү жапайы тоо текелерге, канаттууларга тоют жемдер чачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Буура районунун корукчусу Медетбек Жаманкулов билдирди.

«Тоодогу жапайы аркар, кулжа, тоо текелерге 250 кг туз майдаланып чачылды. Ал эми өзөндүн төмөнкү сайындагы кекилик көп оттогон аймактарга жем чачылды. Жаз келип, тоют азайгандыгына байланыштуу кошумча тоют катары жем чачып турабыз. Атайын кекиликтер үчүн 500 кг арпа, буудай жеми чачылды. Бул иш-чара 3 күнгө созулду», - деди ал.