Казакстандан Кыргызстандын чек арасына келгендерге бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 72972
 
Опубликовано 8 Февраля 2020, 15:56

Казакстандан Кыргызстандын чек арасына келгендерге бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Токмок шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Юсуб Ваншу билдирди.

Анын айтымында, келген элди чек арадан өткөрүү жай болуп жатат.

«Коңшу өлкөдөн элди абдан жай өткөрүп жатышат. Бизге келгендерге кыргызстандыктар чогулуп жардам берип жатышат. Токмоктогу чек ара постунда азыр киши көп. Кыргыз элибизге абдан ыраазыбыз. ИИМ, УКМК жана башка кызматтар көзөмөлгө алып, жардам кылышууда. Тез жардам кызматы дагы дароо тосуп алып текшерип атышат. Токмок шаарынын мэри келип кетти. Ал дагы абдан жардам берип атат. Келгиндердин көбү дунган диаспорасынан. Карачай жана башка улуттун өкүлдөрү дагы бар. Эртең менен саат 8:00дө эсептегенибизде 9 миң киши келген», - деди ал.

Окуялардын чоо-жайы:

Буга чейин Казакстандын Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланганы тууралуу маалымат тараган. Мессенжерлерге тараган билдирүүлөр боюнча, жаңжал улуттар ортосунда чыккан. Масанчи айылы Кыргызстандын чек арасынын аймагында жайгашкан. Аталган айыл менен Токмок шаарын Чу дарыясы бөлүп турат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын кыргыз-казак чек арасындагы бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгы белгилүү болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Токмок шаарындагы ооруканага Казакстандын 17, Кыргызстандын 1 жараны кайрылганын билдирген. Алар Масанчи айылындагы мушташтын кесепетинен жаракат алган.

«8 жаран биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми калган 10 жаран ооруканага жаткырылып, сегизи травматология бөлүмүндө, экөө Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Баарынын абалы орто оор деп бааланууда. Аларга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деп айтылген маалыматта.