Кочкордогу Жоон-Арык суусуна дамба куруу иши жазда башталат

turmush
Скачать
Просмотров: 148
 
Опубликовано 27 Января 2020, 14:32

Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургундары Жоон-Арык суусунун тоңуп, үйөрлөп муз катмары пайда болуп, турак жайларды капташынан чочулап келишет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнүн жетекчиси Ринат Төлөнбаевдин айтымында, ӨКМдин буйругунун негизинде Көк-Жар айылынын күн чыгыш тарабындагы Жоон-Арык суусуна дамба куруу иштери планга киргизилген. 8-январда ӨКМдин Ысык-Көлдөгү базасынан «Ючай» экскаватору алынып келип, жумуш башталган.

«Жер тоң болгондугуна байланыштуу техника каражаты жалпы 1800 литр күйүүчү майы менен ошол айылдын тургуну Улук Сабыржановдун сарайында токтоп турат. Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Жылдызбек Сабыржанов менен макулдашылып, жумуш аткарууну жаз айларына калтыруу чечими кабыл алынды. Айыл тургундары чочулабаса деле болот. Кокустан үйөр жүрсө, музду жарып иш баштоого даяр турабыз», - деди Ринат Төлөнбаев.

Жоон-Арык суусу суукта үйөрлөп тоңуп, күн жылыганына байланыштуу өз нугу менен агып коркунуч азайган.