Айыл турмушу: Лейлектик Н.Сабиржанов миңдеген жөжөлөр багылган тоок ферма иштетүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 3985
 
Опубликовано 23 Января 2020, 15:06

Лейлек районунун Интерационал айылынын тургуну Назиржан Сабиржанов тоок ферма иштетип жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, чакан тоок фермада 2000 жөжө багылат. Баары эт багытында. Росс 308 деп аталган породадагы тоокторду атайын Тажикстандан алып келген. Короосундагы 5 сотых аянтка атайын тоок багылуучу жай салдырган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 500 миң сом короткон. Бирок чыгаша текке кетпей, учурда ай сайын 100 миң сом киреше табууда. Сатып өткөрүүдө кыйынчылыктар жок. Кардарларыбыз өздөрү келип алып кетишет. Тооктун 1 кг эти 180 сомдон 200 сомго чейин сатылууда. Канаттууларга стандартка ылайык, атайын текшерүүдөн өткөн жем берилет.